Курс НБ на 13.07.2020 $77,8000 €87,8362

Ноокенде беш айылдын тургундары көчүрүлдү

Коом
20 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
349
Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Арал айыл аймагында Кара-Үңкүр дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, кооптуу абал жаралды. Бул тууралуу ӨКМ билдирет. Маалыматка ылайык, учурда атайын техника жана куткаруучулар тартылып, жээктерди бекемдөө иштери жүрүүдө. Ошондой эле беш айылдын эли көчүрүлдү. Аталган аймакта атайы штаб тузүлүп, куткаруучулар иштеп жатышат. Суу айдоо аянттарды каптай баштады. Азыркы тапта аталган аймакта өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жүргөндүгү кабарланат.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.