Курс НБ на 21.11.2018 $69,8310 €79,8168

Нариман Түлеевдин мурунку жубайы президентке кайрылды

Коом
12 - Июль 2018
www.erkintoo.kg
82
Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевдин мурунку жубайы менен балдары президентке ачык кат жолдошту. Анда Жогорку Кеңешке, Жогорку сотко, Башкы прокуратурага жана башка тиешелүү органдарга бир нече жолу кайрылганын, бирок эч кандай жооп болбогонун айтып нааразы болушууда. Эске салсак,  Мира Сыдыкованын үйүнө сот аткаруучулары жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери үйдү тартып алууга келген. Алар Ленин райондук сотунун өкүмүн аткаруу максатында барып, бирок бир туугандары жана тарапташтары менен тиреше кетишти. Түлеевдин бир туугандары билдиргендей, бул үй мэрлик кызматка чейин эле салынган, конфискациялоого эч кандай тиешеси жок. Мындан тышкары, соттун өкүмүндө Рахимов атту адам жазылган, дейт үй-бүлөнүн жактоочусу Александр Мощин. Нариман Түлеевдин мурунку жубайынын үйүн конфискациялоо 20-июлга чейин токтотулду.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.