Курс НБ на 13.12.2018 $69,8300 €79,0615

Нанды сурабай жегени үчүн сабалган

Коом
14 - Март 2018
www.erkintoo.kg
160

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери балдардын №3 ооруканасына катуу сабалып түшкөн 8 жашар кызга жолугуп келгенин аталган ведомстводон кабарлашты. Кыз менен сүйлөшүү учурунда анын мектепке барбай турганы маалым болгон.

"Жеткинчектин денеси көгала, тытылган. Ким тарабынан сабалганын сураганда, ачка болуп үйдөн нанды сурабай жегени үчүн өгөй энеси таяктаганын айткан. Аламүдүн райондук үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча бөлүмү жабырланган кыздын атасы, өгөй апасы, бир уялаш иниси жана эки аталаш сиңдиси бар экенин аныктап чыккан. Атасы курулушта иштейт, өгөй энеси үй кожейкеси. Кыздын өз энеси эки жыл мурун жоголуп кеткен, учурда ал издөөдө",-деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган факты боюнча Аламүдүн РИИБи тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 105-беренеси (денеге атайылап залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголду.

 


 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.