Курс НБ на 18.10.2018 $69,3000 €80,1489

Nail kg”, “Бал дүкөнү” компанияларынын уюштуруучусу Гүлнара Сманалиева: “Кыргызстанда ишкердикти өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк көп"

Коом
17 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
224
Сманалиева Гүлнара Уланбековна 1982-жылы 2-августта Кыргызстанда төрөлгөн.
Эки жашында ата-энеси Россияга кетип, Уфа шаарында билим алып, алгач авиациялык техникумду ийгиликтүү аяктап, андан кийин Москвадагы Индустриялык университетинин ишкананы экономикалык башкаруу факультетин ийгиликтүү аяктаган. Россиянын атуулу. 2011-жылы Кыргызстанга келип, кичи компанияларды уюштуруп, ийгиликтүү иштеп жатат. Үй-бүлөлүү, эки кыздын апасы, жолдошу кесиби боюнча тиш доктур. Биз Гүлнаранын Кыргызстанга келип иштеп калганына кызыктык.
-Гүлнара, эмне үчүн Кыргызстанга келип иштеп калдың? Азыр Кыргызстандан башка өлкөлөргө иш издеп, миграцияга кетип жаткандар көп. Эмне себептен?
- Биринчиден, мен Россияда чоңоюп өстүм, билим алдым, иштедим. Баарын салыштырып көрдүм. Кыргызстанда Россияга караганда иштөөгө мүмкүнчүлүктөр да, иш да көп. Россияга караганда Кыргызстанда жумушту оңой табасың. Бул жерде рынок бош экен. Атаандаштык өтө эле аз. Рынок маселеси эми гана баш көтөрүп жатат. Мен Россияда жашап, иштеп, көп идеяларды, ойлорду ишке ашырууда Кыргызстанда мүмкүнчүлүк чоң экенине көзүм жетти. Россиядан Кыргызстанга ишкердикти кантип өнүктүрүү керек экендигин көрсөтүп, кичине болсо да өз мекеним болгон Кыргызстанга салым кошоюн деп келдим.
- Биздин жаштар азыр Кыргызстанда жумуш жок дешип, айрыкча Россия, Түркияга, Түштүк Кореяга жумуш издеп кетип жатышат. Сен болсо Россиядан бул жакка келип иштеп жатасың?
- Мисалы, Россияга барып ишке орношуу кыйын. Анткени ал башка өлкө, мыйзамдары катаал. Жакшы ишке орношо албайсың, алар да өз кишилерине жакшы иштерди беришет. Ал эми Кыргызстандан жана башка өлкөлөрдөн барган мигранттарга кир жуугуч, пол жуугуч сыяктуу маянасы эң аз жумуштар берилет. Айласы жок иштөөгө туура келет. Мен айтаар элем, иштейм деген кишиге дайыма иш табылат. Адамда каалоо жок болсо, иш да жок. Бул жактагылар Кореяда же Россияда жакшы айлык төлөшөт деп угуп жатышат да. Кайда барсаң дагы “көлөкөң өзүң менен кошо жүрөт”- дегендей эле сөз. Ал жактарда деле убактылуу иштейсиң. Барганда жакшы болгону менен кийинчерээк өз өлкөң, эли-журтуңду сагынасың, үйгө кеткиң келе берет. Эгерде эки адамды салыштырып алып көрсөк, бири Россияга кетип, экинчиси бул жерде калып иштесе, бул жерде калып иштеген адам бутуна тез турат.
-Башкалардын көзү менен алып караганда Кыргызстан өнүкпөгөн мамлекет деп айтып калышат экен. Эми сен Россиядан бул жакка келгениңе 7 жыл болуп калыптыр, деги Кыргызстан кандай мамлекет экен?
- Биринчиден, кыргыз эли духу күчтүү элдердин катарына кирет. Азыркы жаштар улам алдыга жылып, активдүүлүгүн көрсөтүп жатышат. Жаштарга кеңири жол ачылды, көптөгөн окуу курстары, билим алуу, кесип алуу дегендей келечекке карай багыт кеңири ачылды. Кыргызстандын келечеги жаштардын колунда, чындыгында экономикалык абалы башка өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу начар, бирок аны бирге көтөрүүгө болот.
- Гүлнара, сени Кыргызстандын патриот кызы деп айталы, Россияда деле калып иштеп өзүңдүн арабаңды деле алдыга жылдырсаң болмок, Кыргызстанга келгенге эмне түрткү болду?
- Мен Россияда бухгалтер, менеджер, сатуучу, офис-менеджери, сатуу бөлүмүнүн менеджери жана башка көп жумуштарда иштедим. Менин бул жакка келүүмө патриоттуулук сезим түрткү берди. Мага бирге иштеген жетекчим: - “Кызым, сен улуу Кыргыз элинин кызы болосуң”- деп көп айтчу. Мен көпкө ойлондум, анан анын үстүнө атам Кыргызстанда жашайт. Мени “Кыргызстанга кел”- деп чакырып калды. Мен ойлонуп көрүп, чын эле эмнеге мен бул жерде иштеп жүрөм, ушул иштерди Кыргызстанда деле жасасам болот да, өзүм кыргыз болсом кыргыз элине пайда келтирейин деген бир чечимге келип, 2011-жылы Кыргызстанга келе бердим. Чын эле Россияда чакан бизнести өнүктүрүү кыйыныраак. Ал жерде атаандаштык чоң. Мыйзамдары татаал. Кыргызстанда болсо салыштырмалуу салык системасы жеңилирээк экен. Базарга чыгууга мүмкүнчүлүк чоң. Мамлекеттик органдар жеке ишкерлерди көп текшере бербейт экен. Россияда текшерүүлөр көп. Бул жерде жумушчу күчтөр көп, ошондой эле кадрлар да жетиштүү экен. Калкта өндүрүү мүмкүнчүлүгү көп экен. Бирок, өндүрүлгөн азык-түлүктү сатууга мүмкүнчүлүк жок экен. Менин атам бал өндүрөт, бирок эч жакка сата албайт, аны сатуунун жол-жоболорун билишпейт. Ал эми кыргыздын балы дүйнөдө биринчи орунда турат. Аны чет мамлекетке алып чыгуу керек. Ошондуктан менин патриоттуулугумду өз элиме көрсөтөйүн деп ушул жакка келип иштеп жатам. Иштесе болот, улам жаңы идеялар менен иштеш керек. Иш жок дегендерге мен таң калам айланаңда канча иштер турат. Ойлон, карап көр деп айтмакчымын.
- Гүлнара, сен эми Россиянын атуулусуң да. Качандыр бир убакта Россияга кетесиңби?
- Жок, кетпейм, мен эми бирде Россияга барып, бирде Кыргызстанда болуп, ал жакта да, бул жакта да иштеримди жүргүзө бермекчимин. Кыргызстан – менин өлкөм, менин жерим.
Орункул Сатыкулов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.