Курс НБ на 03.03.2021 $84,8000 €102,3960

​Мыйзамсыз жарнамалар алынат

Коом
16 - Декабрь 2020
www.erkintoo.kg
63
Борбор калаадагы мыйзамсыз жарнама такталары алынат. Бул туурасында Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен биргеликте шаарды мыйзамсыз объектилерден тазалоо иштерин улантып жатат. Анда атайын бөлүм Дэн Сяопин кең көчөсү жана Патрис Лумумба көчөсүндө мыйзамсыз орнотулган 52 жарнама конструкциясын алды. Ошондой эле, Жибек Жолу кең көчөсү боюнча Сүйөркулов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин, Касымалы Баялинов көчөсү жана Жусуп Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги 34 жарнама штендери жана 20 баннер алып салынды.
 
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу