Курс НБ на 05.03.2021 $84,8000 €102,1077

Мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков көз жумду

Коом
12 - Ноябрь 2020
www.erkintoo.kg
126

Бул тууралуу маалыматты Turmush басылмасына анын жакындары билдирген. Алдын ала маалыматка караганда, ал бүгүн пневмониядан улам дүйнө салган. К.Исаков  1969-жылы Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айылында төрөлгөн. Филология илимдеринин доктору, профессор болчу. Министр болгонго чейин Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын ректору болуп эмгектенген. Жакында кызматтан кеткен Исаков Ош мамлекеттик университетинин өнүгүшүнө өтө чоң салым кошкон, артында миңдеген шакирттерди өстүргөн агай катары таанылган. “Эркин Тоо” гезитинин расмий сайтынын жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.