Курс НБ на 20.09.2020 $79,0444 €93,7348

Муфтияттын эмгек жамааты ишембиликке чыгышты

Коом
27 - Март 2017
www.erkintoo.kg
416
 
Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын эмгек жамааты 25-мартта ишембиликке чыгышып, айлана-чөйрөнү тазалоо менен биргеликте бак-дарактарды актап, сырдашты. Муну менен катар ишембиликке Кыргызстан Ислам Университетинин студенттери, мугалимдери жана республика аймагындагы дин кызматкерлер тартылышты. Ал эми Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басарынын айтымында учурда өлкө аймагында “Бир момунга бир дарак” аттуу көчөт отургузуу иш-чарасы активдүү уланып, бүгүнкү күнгө чейин 5 миңден ашуун көчөт отургузулган.
“Бүгүнкү күндө Нарын, Талас жана Ысык-Көл облусунун аймактарында күндүн жылышы менен көчөт отургузуу иш-чарасы башталмакчы. Дарак отургузуу иши соопту иш болгондуктан жаратылышыбыз үчүн дагы көңүл буруубуз маанилүү”,-деди Жоробай ажы Шергазыев.
Ишшембилик алкагында карылар, балдар үйлөрү тазаланып, арыктартагы таштандылар чыгарылды. Ошондой эле көчө бойлору, эс алуу жайларындагы таштандылар алынып, бак-дарактар акталды.
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.