Курс НБ на 23.10.2019 $69,8114 €77,7804

Муфтият : “Дарыгер биринчи кезекте бейтапты карашы керек"

Коом
09 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
406
Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигине  Кара-Суу районунда намаз убактысына шылтап, талма оорусу менен түшкөн баланы карабай койгон дарыгер туурасында арыз келип түшүп, ал коомчулуктун талкуусуна алынып, дарыгерге тийиштүү чара көрүлөөрү айтылып жаткан. Бул  окуя боюнча  Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз катчысы Максат Атабаев да үн катты.
"Дарыгер биринчи кезекте ооруканага ооруп келген адамды кабыл алышы керек. Намазды кийинки намаздын убактысына чейин окуса болот. Мисалы, бешим намазын аср намазынын убагына чейин окууга мүмкүн. Алгач баланы кабыл алып, жардам берип же тиешелүү бөлүмгө жиберип коюп окуй берсе болмок”,-дейт адис.  Ошондой эле басма сөз катчы бул окуя боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрүн кошумчалады,- деп жазат Супер порталы.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.