Курс НБ на 03.04.2020 $84,8988 €92,7010

Муфтий Мари Дюмолин айым менен жолугушту

Коом
13 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
310
Кыргызстан Мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Франция мамлекетинин Тышкы иштер жана эл аралык өнүгүү министрлигинин дин иштери боюнча кеӊешчиси Мари Дюмолин айым менен жолугушту. Бул тууралуу муфтияттан билдирди. Маалыматка ылайык, эки тараптуу жолугушуунун алкагында Кыргызстандагы дин эркиндиги жана дин маселелери, экстремизм, терроризмдин алдын алуудагы жүргүзүлүп жаткан иштери боюнча пикир алышты.  Ал эми Азирети Муфтий Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштерден кабар берип, өлкө боюнча мектептерде, ЖОЖдордо жана коомдук жайларда дин кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгын айтып, бул иштер пландуу түрдө мындан ары дагы улантыларын баса белгиледи.
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.