Курс НБ на 19.09.2017 $68,4643 €82,0613

Москвага Кыргызстан аркылуу барган жигит 23 жаштагы аялын бычактап өлтүрдү

Коом
14 - Сентябрь 2017
www.erkintoo.kg
18
Россиянын Москва шаарындагы Краснодар көчөсүнөн 12-сентябрда жаш келиндин бир нече жолу бычакталган денеси табылды.
«Телеканал 360» жарыялаган маалымат боюнча, жергиликтүү милиция кызматкерлери анын өлүмүнө күйөөсүн айыптап жатат.
Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү кызганычтан улам 23 жаштагы аялына кеминде 10 жолу бычак сайган. Ал үй-бүлө Москва шаарына Кыргызстан аркылуу барышкан.
Окуя болгон жердеги видеокамерага түшүп калган тасмага караганда, жубайлар көчөдөн урушкан. Күйөөсү аялын ошол жерден бычактап, андан кийин өзү качып кеткен. Оор жаракаттан улам окуя болгон жерден көз жумган келиндин денесин жолдон өтүп бара жаткандар таап, тиешелүү органдарга маалымат беришкен. Бул факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иш козголуп, тергөө иштери башталганы маалым болду.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул окуя боюнча тактоо иштерин жүргүзүп, каза болгон келин менен анын күйөөсү Тажикстандын жарандары экенин билдирди. Жубайлар акыркы жолу Москва шаарына Кыргызстан аркылуу учкандыктан алгач алар кыргызстандык деген маалыматтар тараган.
Булак: Турмуш
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу