Курс НБ на 03.06.2020 $73,4726 €82,3665

Москвадагы гүлбакка Айтматовдун ысымы берилет

Коом
26 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
332
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы Москвадагы гүлбактардын бирине ыйгарылат. Мындай маалыматты Москва шаарынын мэри Сергей Собянин өзүнүн Твиттер баракчасында жазды. Ал “Павлов көчөсү менен Подольский шоссесинин кесилишиндеги гүлбакка чыгаан жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгарабыз” - деп жазган. Москва калаасынын башчысынын текстинде. Жазуучунун ысымы КМШ аймагындагы бир катар көчө, гүлбактарга берилген. Мындан сырткары,  Түркияда эстелиги тургузулган.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.