Курс НБ на 19.09.2018 $69,2467 €81,0325

Москвада кыргызстандык келиндин асынып турган денеси табылды

Коом
13 - Июль 2018
www.erkintoo.kg
36
Россиянын Москва шаарында балдар аянтчасында 24 жаштагы кыргызстандык келин асынып турган абалда табылды. Бул тууралуу Москва шаарындагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.
Анын айтымында, 9-июль күнү таң эрте социалдык тармактар аркылуу Москвадагы балдар ойноочу аянтта асынып турган келиндин сүрөтү интернетке тарап кеткен. Андан кийин каза болгон келин кыргызстандык 24 жаштагы А.Айгерим экени аныкталган. Окуя Пожарный көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин короосунда болгон. Келиндин асынып турган денесин жергиликтүү тургундар көрүп калышкан.
Тергөө кызматынын болжолдуу маалыматтары боюнча, келин өз жанын кыйган. Ал 1 баланын энеси болгон.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу