Курс НБ на 23.10.2019 $69,8114 €77,7804

Москвада кыргыз эмгек мигранттары кайрымдуулук акциясын уюштурушту

Коом
09 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
395
 Москвада кароосуз калган балдарга курулуп жаткан үйгө кошумча каражат топтоо максатында кайрымдуулук концерт болуп өттү. Бул тууралуу Москвада эмгектенип жүргөн Айсулуу Тургунбаева билдирди.
Анын айтымында, 5-январь күнү Москва шаарында өткөн кайрымдуулук концертке «Ала-Тоо айымдары» уюмунун, кыргыз диаспорасынын мүчөлөрү жана Россияда эмгектенип жүргөн кыргыз мигранттары катышты. Кайрымдуулук иш-чарага келген коноктор кыргыз элин жаңы жылы менен куттуктап, аларды ынтымакка чакырды.
Москвада кароосуз калган балдарга курулуп жаткан көп кабаттуу үй кризистик борборлор тарабынан курулуп баштаган. Ага Азия өнүктүрүү фонду менен биргеликте Москва шаарында иштеп жаткан эмгек мигранттары акчалай жардам берүүдө.
Булак: Turmush


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.