Курс НБ на 03.03.2021 $84,8000 €102,3960

​“Мол Нан” компаниясынын жетекчиси Бактыгүл Маганбетова: “Сапатсыз азык ден соолукка залакасын тийгизет”

Коом
18 - Декабрь 2020
www.erkintoo.kg
83
Күнүмдүк тамактанып жаткан нан азыктарыбыздын сапаттуулугун кайдан, кантип биле алабыз? Дүкөндөрдөн сатып алып жаткан нандын баары сыртынан кооз, жумшак жегиликтүү көрүнөт. Анын азыктык баалуулугуна маани бербейбиз. Ошондой эле кандай шартта даярдалып жатканына кызыгып, “Мол Нан” нан азыктарын даярдоочу компаниянын жетекчиси Бактыгүл Маганбетова менен маектештик.
- Бактыгүл айым, акыркы мезгилде нан азыктарынын сапатынын төмөндөп кетиши эмнеден болуп жатат деп ойлойсуз?
- Бизде нан азыктарын өндүрүүчү тамак-аш өнөр жай тармагы өнүгүп жатат. Бирок, сиз айткандай сапат маселесине көңүл бурулбай калууда. Не дегенде, азыр атаандаштык абдан күчтүү. Базар шартында өтүмдүүлүгүнө гана маани берүүдө. Нандын түрлөрүн көбөйтүү менен анын даамын, жыттуулугун, сырткы көрүнүшүн жакшыртуу боюнча көп аракеттер көрүлүп жатат. Унга ар кандай кошулмалар кошулат. Мындай ундардан даярдалган нандар өзүнүн сакталуу мөөнөтүнөн ашыкча турса да, формасын жоготпойт, кургап калбайт, даамдуулугу ошол бойдон сакталат. Ал эми аткезчилик менен келген ундар лабораториялык текшерүүлөрсүз пайдаланылат. Сапаттын жоктугунун дагы бир себеби – бул көмүскө ишмердүүлүк. Бизде ушуга окшогон көйгөйлөр да бар. Өлкөбүздүн экономикасына зыянын тийгизип, ал тургай сапатсыз азыктар элдин ден соолугуна да залака келтирүүдө.
 Биздин негизги максат – өзүбүздүн көп жылдык эмгегибизди текке кетирбей, компаниябыздын атын булгабай таза иштөө. 13 жылдан бери нан азыктарын өндүрүү менен алектенип келебиз. Бул аралыкта мол тажрыйба топтой алдык. Биздин нан азыктарыбызга суроо-талаптар көп.
 - Нанды даярдоодо биринчи кезекте эмнеге көңүл буруу зарыл?
- Нан адам жашоосундагы негизги жана эң маанилүү азык. Жайылган дасторконду нансыз элестетүү мүмкүн эмес. Тамактануубуздун негизги өзөгүн түзгөн нанды ден соолугубузга зыяны тийбегидей кылып даярдасак болот. Ал үчүн биринчи кезекте сапаттуу ун талап кылынат. Андан соң кадимки суу май, туз, ачыткы, суу керектелет. 100 пайыз табигый кошулмалар менен даярдалат. Нандын аш болумдуулугу ундун сортуна жана түрүнө көз каранды. Мисалы, жогорку сорттогу ундан жасалган нан сиңимдүү болот. Биз нандын жумшагына, өңүнө ыктап турабыз. Бирок, каткан нандын биологиялык жана азыктык баалуулугу жогору экенине маани бербейт экенбиз. Бир аз катыган же кургатылган нан сиңимдүү келет. Биздин нандар “Акун”, “Яшар”, “Хлебный край” компанияларынын тандалма сорттогу ундарынан жасалат. Бизге ундардын лабораториялык сертификаттары кошо берилет. Биз өзүбүздүн кардарлардын ишениминен чыкпашыбыз керек. Ал үчүн биринчи кезекте зыянсыз, сапаттуу өндүрүш талап кылынат. Өзүңүз деле байкасаңыз керек, биздин жарандарыбыздын көпчүлүгү органдарын алмаштыруу үчүн башка мамлекеттерге барышууда. Мунун бирден-бир себеби, туура эмес тамактанууда жана азыктарыбыздын сапатсыздыгында. Дагы бир жагдай, жабдууларыбыз Түркиянын жогорку сапаттагы “Алтайлар” фирмасына таандык. Бул дагы сапаттуу өндүрүүнүн негизги элементи.
- Азыр кара нандын түрлөрү көп. Буларга өңүн өзгөртүүчү заттар кошулбайбы?
- Кара буудайдын унунан же алардын аралашмасынан тамактануу үчүн жасалган нандарыбыз бар. Биз нандын түсүнө өзгөртүүчү заттарды кошпойбуз. Бирок, кондитердик өндүрүштө даамды жакшыртуучу жана азыктын өңүн ар түскө өзгөртүүчү кошулмалар колдонулат. Анын организмге зыяндуулугу бар. Алар негизинен Кытайдан келет. Учурда сатыкта жокко эсе. Ошондуктан унга какао кошуп, кара нан чыгаргандар бар. Кара ундун 1 кг баасы 38-40 сомго чейин кымбат болгондугуна байланыштуу ушундай кадамдарга барышууда. Ак ундун баасынан жогору. Анын үстүнө Казакстандан алынып келинет. Негизинен 300 гр нан 25-30 сомдун тегереги болушу керек. Эң башкысы өзүңүз жей турган нанды тандай билгениңиз оң. Кара буудай унунан жасалган нан абдан пайдалуу. Анын курамында организмге керектүү заттар көп. Муну түшүнүп билгендер баасы неге кымбат деген суроодон алыс болушат. Ошондой эле кебек кошулуп жасалган нандын да пайдалуулугу жогору.
- Нандын канча түрүн чыгарасыздар?
- Биз нандын 20 чакты түрүн чыгарабыз. Алардын сактоо мөөнөтү 72 сааттан ашпайт. Нанды узак убакытка сактоо туура эмес. Мында анын курамындагы пайдалуу заттар жана витаминдер жок болуп кетип, натыйжада нан организм үчүн зыяндуу азыкка айланып калат.
- Пандемияга байланыштуу санитардык эрежелерди сактап жатасыздарбы?
- Бул биздин өндүрүш үчүн милдеттүү талап. Ар бир жумушчунун медициналык китепчеси бар. Жугуштуу деп эсептелген оорулардын баарынан анализден өтүшкөн. Атайын формалар жана зыянсыздандыруучу каражаттар менен толук камсыздалган. Негизинен жылына бир жолу санэпидкөзөмөлдөн келип текшерип турушат. Жалпысынан 37 адам эмгектенет. Алардын саламаттыгына көңүл буруу, маяналарын өз убагында берүү башкы милдетибиз. Биздин компания шаар ичин толук, Кемин, Кара-Балта тарапка чейин тейлейбиз. Наныбызды жеген ар бир  адамдын ден соолугу биз үчүн маанилүү.
 Учурдан пайдаланып дагы бир жагдайды айтып кетейин. Биздин компания бардык жагынан ачык иштейт. Салыктын бардык түрлөрүн жана Социалдык фондго, электр энергиясына болгон төлөмдөрдү өз мөөнөтүндө төлөп келебиз.
 Электр энергиясынын баасына байланышкан маселелер бар. “Акылдуу эсептегич” койдурганбыз. Ал учурда иштебей турат. Акыркы эки жылдан бери керектөө боюнча көрсөткүчтөрдү өздөрү келип жазып кетишет. Ошонун негизинде төлөйбүз. Мисалы, мен жабдууларыбыздын ар бирине канча киловаттан энергия сарпталарын жакшы билип калдым. Ошого карабастан, линияда жоготкон киловаттарды бизге кошуп коюп жатышат. Бул 35 миң сомду чапчып отурат. Эмне үчүн деген суроомо: “айрым учурда ушундай кадамдарга барууга туура келет, анын үстүнө кышында мештер ысыгыча эле канча электр энергия коротосунар”- дешет. Ансыз да айына электр энергиясы үчүн 280-300 миң сом төлөйбүз. Былтыркы кыш мезгилине салыштырмалуу, быйыл ашыкча төлөмгө дуушар болуп жатабыз. Бул багыттагы маселелер өз орду менен чечилишин туура деп эсептейм.
Касымова Чолпон Казыбековна,
И.Раззаков атындагы КМТУнун “Тамак-аш азыктарын өндүрүү технологиясы кафедрасындагы “Нан, кондитер жана макарон азыктарынын технологиясы” профилинин улук окутуучусу:
 - Азыр биздин өлкөбүздө менчик мекемелерге, өндүрүшчүлөргө текшерүүлөргө байланышкан мораторий бар. Жеке менчик өндүрүш тармагын мамлекеттик органдар текшерүүчүлөр кирип текшере алышпайт. Мисалы, уулануу болуп жарандарыбыздан арыз түшсө, ошол учурда текшере алышат. Ошондо да алдын ала эскертип, анан барышат. Дүйнө жүзүндө, ошол эле Россияда ХАССП тамак-аш азыктарынын коопсуздугу боюнча системасы бар. Бул тамак-аш өндүрүшүндөгү коопсуздукту башкаруунун атайын эрежеси катары таанылган. Буга өндүрүш тармагы өздөрү каалоолору менен кирип сертификат алышат.
 Бизде “Ундун фортификациясы жөнүндө” мыйзам бар. Ал сакталышы керек. Мисалы, мурда Айыл чарба министрлиги тарабынан жылына бир жолу текшерүү жүрүп турган. Азыр анын жоктугунан улам өндүрүшчүлөр каалагандай иштешүүдө. Мисалы, биринчи жана экинчи сорттогу ундарга минералдык заттар кошулат. Бул мыйзамда каралган. Мына ушуга окшогон талаптарды өндүрүшчүлөр канчалык сактап жатышат, белгисиз. Мисалы, ачыбаган камырды тездик менен калыпка салып бышырышат. Себеби, тез көптүрүүчү кошулмаларды кошуп коюп жатышат. Ал тургай керек учурда кара унду агартып коюучу кошулмаларды да колдонушат. Ошол эле учурда кургак ачыткыны ашыкча өлчөмдө кошушат. Нандын сапаты күнүгө текшерилиш керек. Ошол эле учурда кара нандардын технологиясы бузулуп жатат. Бул жерде классикалык таза технология менен жасалбайт. Кошулмаларды кошуп жасап, товардык көрүнүшүнө маани берилет. Мисалы, нандын сапаты жайкысын төмөндөп кетет. Нандын картошка оорусу деп коюшат. Ал 32 градустан жогору болгондо нан ооруп баштайт. Ага каршы өзүнчө кошулмалар кошулат. Мындай шартта сактоо мөөнөтү да узартылат. Ошондуктан, нан мамлекеттин өзүнүн көзөмөлүндө болсо жакшы болмок.
 
Айзада Дүйшөнбаева
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу