Курс НБ на 19.06.2018 $68,3208 €78,9344

Милиция сынак тапшырышы мүмкүн

Коом
14 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
19
Укук коргоо органдарына кызматка алууда ачык-айкын сынактык тандоо киргизүү сунушталууда. Ошондой эле күч колдонуу, атайын каражаттарды, курал, аскердик курал-жарак жана техника колдонуу фактылары боюнча эскертүү тартиби белгиленүүдө. Бул ички тергөө кызматынын укуктарын кеңейтүүгө багытталат. Бул тууралуу Өкмөт жыйынында белгиленди.  Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Мыйзам долбоорун айтылган сунуштарды эске алуу менен толуктап иштеп чыгууну тапшырып, аны тезинен Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү зарылдыгын белгиледи.
Мээрим Бактыбек  кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу