Курс НБ на 23.09.2019 $69,8317 €77,1501

Мигранттар маселеси өтө талылуу

Коом
16 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
550
Кечиктирилгис чечимди талап кылган маанилүү маселе катары этникалык кыргыздардын абалын жакшыртуу саналат,- деди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова Мамлекеттик миграция кызматынын коллегиялык жыйынында.
Вице-премьер-министр миграциялык саясаттын тез арада чечүүнү талап кылган негизги маселелерге көңүл бурду.
«Айрым оңдуу көрүнүштөрдүн орун алуусу менен катар, бүгүнкү күнгө дейре ведомство тарабынан ички жана тышкы миграция көйгөйлөрүн чечүүдө так багыттар аныкталган эмес. Кызматтын бирден-бир башкы милдеттеринин бири – эмгек мигранттарына колдоо көрсөтүү, үчүнчү өлкөлөргө кетип жаткан мигранттарга квалификациялуу көмөк көрсөтүү, алардын коопсуздугун жана укугун камсыздоо болуп саналат. Буга катар тышкы миграция деңгээлин ырааттуу кыскартуу максатында республикада жаңы жумушчу орундарын түзүү керек», – деп белгиледи Чолпон Султанбекова. Ал миграциялык көзөмөлдүн жоктугуна жана чет жердеги мигранттардын кирип-чыгуу эсеби жүргүзүлбөй жаткандыгына көңүл бурду жана Кыргыз Республикасынын чет жердеги жарандарынын саны 800 миңге жеткендигин, негизинен кыргызстандыктар иш издеп, Россия Федерациясына жана Казакстан Республикасына чыгып кетээрин айтты.
Сымбат Максутова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.