Курс НБ на 01.04.2020 $82,2000 €90,0665

Мигранттар үчүн маалыматтык терминалдар орнотулат

Коом
06 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
299
Кыргызстан боюнча чет жерге чыккан жарандарга зарыл маалыматтар менен камсыздоочу 12 терминал орнотулат. Мындай маалыматты Мамлекеттик миграция кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык,  терминалдар “Ак-Жол” өткөрмө пунктунда, Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматтык-консультативдик борборунда жана Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы өкмөттүн өкүлчүлүктөрүнүн имараттарында орнотулган. Ал эми  10-апрелде “Манас” эл аралык аэропортунун имаратында  орнотуу иш-чарасы өтөт. Андан кийин 12 терминалды калк жыш жайгашкан жерлерге орнотуу пландаштырылууда.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.