Курс НБ на 02.07.2020 $78,7872 €89,0098

Менин баламды мектепке кабыл алгыла» аттуу республикалык акция башталды

Коом
24 - Июнь 2020
Эркин Тоо
43

 Бул акция быйыл 12-жолу өткөрүлүп жатат. Анын алкагында укук коргоочулар Билим берүү жана илим министрлиги менен чогуу укуктук кеңеш берип жатышкандыгын “Балдардын укугун коргоо лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекованын “Азаттыкка” билдирген.  «Эгерде баласын мектепке кабыл алууда акча талап кылса, катталган жана жашаган жери боюнча кыйынчылыктар болсо, балдарды мектепке электрондук каттоодон өткөрүүдө, мектеп формасын сатып алуу, баланын билимин тестирлөө жана башка ушул сыяктуу кыйынчылыктарга туш болсо кайрылышса болот”,-дейт Турдубекова. Турдубекованын айтуусунда, ар бир кайрылуу көзөмөлгө алынып, мектеп партасына отурганга чейинки учуру байкоодо болот. «Менин баламды мектепке кабыл алгыла» акциясынын укуктук жардам боюнча бул телефондорго кайрылуу керек:

0312 662587, 0709845775 (WhatsApp) же http://myktybaldar.kg/



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу