Курс НБ на 21.08.2019 $69,8160 €77,4818

Менчик бала бакчаларга эскертүү берилди

Коом
11 - Февраль 2019
www.erkintoo.kg
94
Билим берүү жана илим министрлиги кабарлагандай, менчик бакчаларда рейд жүрүп, талапка ылайык келбеген алты бакчага эскертүү берилди. Мекеменин адиси Нуризада Касымова учурда мыйзамсыз, лицензиясы жок иштеп жаткан бала бакчаларды аныктоо иштери жүрүп жатканын “Азаттык” радиосуна кабарлады. Ошондой эле, мекеме  билим берүү стандартына өзгөртүү киргизүүнү көздөөдө. Стандартка ылайык, тарбиячы балдар менен иштеген адис болушу керек. Эгер педагог болсо атайын курстан өтүү талап кылынат.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.