Курс НБ на 06.03.2021 $84,8000 €101,1579

"Мен ырдасам, мен жашайм"

Коом
22 - Февраль 2021
www.erkintoo.kg
128
Ош шаардык мэриясынын  демилгеси жана  “Эне эмгеги” коомдук кайрымдуулук фондунун жардамы менен  мүмкүнчүлүгү чектелген таланттуу балдарга салатанаттуу маанайда  сый тамак уюштурулду жана белектер тапшырылды. Иш чарага  Ош шаарынын вице-мэри Э. Шадыханов катышып,  аталган фонддун   мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды социалдык адаптациялоого жана алардын укугун, кызыкчылыгын коргоодо, ошондой эле  аларды багып-тарбиялап жаткан энелерге жардам берүүдө алгылыктуу иштерди жасап жаткандыгын баса белгиледи. Аталган кайрамдуулук фондунун атынан  Ош шаарынын мэрине  аларды колдогондугу жана жардам бергендиги үчүн  Алкыш  баракчасын тапшырды.
Шаардын маданият башкармалыгы тарабынан  уюштурулган  демилгенин натыйжасында  мүмкүнчүлүгү чектелген таланттуу  балдар менен эстрада жылдыздары кошо ырдашып, биргеликте концерттик программа  тартуулашты. 20-февралда Оштогу С. Ибраимов атындагы улуттук драма театрында  "Мен ырдасам, мен жашайм" аттуу  дуэт коштогон  майрамдык концер тартууланды.
Р. Исмаилова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу