Курс НБ на 04.04.2020 $84,8713 €91,6483

Мектеп окуучулары мушташа кетти

Коом
28 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
395
Бишкекте эки мектептин окуучуларынын арасында мушташ чыгып, анда бир бала бычак жеп ооруканага түштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Бишкек шаардык башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматтарга караганда, кечээ Бишкектин №91 кесиптик лицейинде ачык эшиктер күнү өтүп, ага “Ак-Өргө” жаңы конушундагы №77 мектептин окуучулары келишкен. Анда окуучулар арасында пикир келишпестик чыгып, ал мушташка айланган. Жыйынтыгында учтуу нерсе менен ич тарапка жаракат алган бала Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилген. Тартип сакчылары болсо, бүгүн шектүү катары 17 жаштагы өспүрүм кармалганын кабарлашты. Бул факты боюнча “ден-соолукка атайылап залал келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, окуянын чоо-жайы иликтене баштады.
Нур Балбак


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.