Курс НБ на 11.12.2018 $69,8300 €79,4526

Медициналык тейлөөнүн сапаты жакшырат

Коом
12 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
55
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев КР Өкмөтүнүн 2019-2030-жылдарга карата калктын ден-соолугун коргоо жана саламаттыкты сактоо тутумун өнүктүрүү программасы тууралуу парламентте маалымат берди. Ага ылайык, Кыргызстанда эне менен балдардын өлүмү арбып бара жатат. Ошону менен катар биздин өлкө кургак учуктун дарыга туруктуу формасы жайылтылган дүйнөнүн 18 өлкөсүнүн жана ВИЧ-инфекция эпидемиясынын өсүү темпинде турган 10 өлкөнүн катарына кирет. Мындан сырткары, майып балдарды саны дагы көбөйүүдө. Буга байланыштуу жогоруда аталган программанын артыкчылык берилген багыттары катары коомдук саламаттыкты алдын алуу, медициналык тез жардамды өнүктүрүү, лабораториялык кызматтарды жакшыртуу, саламаттыкты сактоону стратегиялык башкаруу, кадрдык ресурстар, электрондук саламаттыкты сактоону өнүктүрүү жана каржылоо системасын кайра карап чыгуу жана башкалар бар экенин  министр К.Чолпонбаев маалымдады.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу