Курс НБ на 06.03.2021 $84,8000 €101,1579

Медициналык окуу жайларыбыз кара тизмеден чыгарылды

Коом
22 - Февраль 2021
www.erkintoo.kg
138
Өткөн жылдын күз айларында Пакистан Кыргызстандын медицина адистерин даярдаган окуу жайларын кара тизмеге киргизгени маалым болгон. Пакистан  мындай чечимин Кыргызстандан билим алган студенттердин 90 пайызы Пакистандын медицина кеңешинен милдеттүү түрдө каралган экзаменди тапшыра албай жатканы менен түшүндүргөн болчу. Көп өтпөй кайра кыргызстандык 4 ЖОЖ кара тизмеден кайра  чыгарылган. Алар: Ахунбаев атындагы мамлекеттик медакадемия, Ош мамлекеттик университети, Кыргыз-Россия славян университети жана Медицина боюнча эл аралык жогорку мектеп болчу. Ал эми өткөн аптанын аягында  Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиевдин аталган өлкөгө болгон иш-сапарынын алкагында маселе толугу менен чечилгени кабарланды.  Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Министр Алмазбек Бейшеналиевдин Пакистан медициналык комиссиясынын президенти Аршад Таки мырза менен жолугушуусу учурунда Кыргызстандагы медициналык окуу жайлар Пакистан медициналык комиссиясынын А, В жана С тизмелеринде орун алып, аларды бүтүргөн Пакистандын жарандары Медициналык комиссиянын сынактарына тоскоолдуксуз кире турган болуп макулдашылган.
Бирок, учурда медициналык ЖОЖдордун  ректорлору 2016-жылдан бери ачылган 10го жакын медициналык окуу жайлардын окутуу системасын чындыгында эле жакшыртуу керектигин айтып коңгуроо кагышууда. Алардагы окуу системасында көп мүчүлүштүк бар экендигин чындык. Эң биринчи эле маселе окутуучулардын англис тилин мыкты деңгээлде билүүсү жана пакистандык студенттердин коопсуздугу. Эскерте кетсек, биздин өлкөдө учурда 830 пакистандык студент окуйт


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу