Курс НБ на 02.06.2020 $73,5222 €82,1316

Маршрутка кырсыгынан 66 киши жабыркаган

Коом
26 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
301
Жыл башынан бери Бишкек шаарында маршрутка кабылган жол кырсыгынан улам  66 адам жабыркаган. Мындай маалыматты ШИИБ Кайгуул милициясынын жол коопсуздугу бөлүмүнүн жетекчи орун басары Турусбек Абдыжапаров Sputnik Кыргызстан агенттигинде болгон жыйында билдирди.  Анын маалыматына караганда, быйыл  Бишкек шаарында маршруттук такси, троллейбус катышкан 45 жол кырсыгы катталган. Ал эми Мэриянын маалымат кызматы билдиргенине караганда,  жүргүнчүлөрдүн көбү бусиктердин айдоочулары жолдо жүрүү эрежесин бузганына, оройлугуна, машина айдап баратып чылым чеккенине, маршрутканын кирдигине арызданышкан.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.