Курс НБ на 16.11.2019 $69,8500 €76,9922

Марат Жаанбаев Чехиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу

Коом
25 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
1072
Кыргыз жарандары Чехияга туристтик виза алуу үчүн бүгүнкүгө чейин Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигине кайрылып келишкен. Мындан ары кыргызстандыктардын виза маселесин чечүүнү Чехиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу Марат Жаанбаев колго алат.
Анын бүгүн, 25-январда билдиргенине караганда Бишкекте Чехиянын ардактуу консулдугу иштей баштады. Чехиянын Казакстандагы жана Кыргызстандагы элчиси Элишка Жигованын айтымында, кыргыз-чехиялык алака-мамилелер буга чейин Астанадан жүргүзүлүп келген. “Биз Бишкекте өз дипломатыбызды кармоону чечтик. Марат Жаанбаев биздин ардактуу консулубуз болуп калды”, - деп айтты журналисттер менен жолугушууда. Кошумчаласак, Чехиянын Ардактуу консулдугу Бишкектин Орозбеков жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги 24-үйдө жайгашкан.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.