Курс НБ на 17.09.2019 $69,8099 €77,2028

Мамлекеттик тилди ЖОЖдордо окутуунун абалы талкууланды

Коом
27 - Май 2019
www.erkintoo.kg
68
23-майда Бишкекте “Мамлекеттик тилди жана адабиятты ЖОЖдо окутуу: азыркы абалы, тажрыйбалар жана көйгөйлөр” аттуу окуу-методикалык семинар болуп өттү. Жыйынга Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев жана Президенттин, Өкмөттүн аппаратынан атайын өкүлдөр жана жогорку окуу жайлардын окутуучулары катышышты. Иш-чарада кыргыз тилин кѳп тилдүү чѳйрѳдѳ, чет тил катары, кесиптик багытта, "Кыргызтесттин" талаптарына жооп берген деңгээлде окутуунун, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн маселелери каралып, аталган темалар боюнча презентациялар менен коштолду.  Мамлекеттик тилдин абалын мындан да жакшыртуу мамлекеттин, ар бир жарандын милдети экени иш-чараны башкы темасы болду.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.