Курс НБ на 16.07.2019 $69,5663 €78,2308

Мамлекет башчысы гандболист Талант Дүйшебаев менен жолугушту

Коом
15 - Апрель 2019
www.erkintoo.kg
72
Президент Сооронбай Жээнбеков 12-апрелде Олимпиада чемпиону жана дүйнө чемпиону, легендарлуу гандболчу жана машыктыруучу Талант Дүйшебаев менен жолугушту. Мамлекет башчысы Талант Дүйшебаевдин жетишкендиктери кыргыз эли үчүн чоң сыймык экендигин билдирди. «КМШ курама командасында Олимпиада чемпиону, Россия курама командасында дүйнө чемпиону, Испаниянын курамында 2 жолу Олимпиаданын коло медалынын ээси, гандбол боюнча чемпиондордун лигасында 4 жолу жеңишке жетүү, Европанын Суперкубогун эки жолу жеңүү, Испаниянын 4 жолку чемпиону болуу, Польшанын Кубогунун чемпиону жана башка ийгиликтер көп жылдык мээнеттин жыйынтыгы. Эки жолу дүйнөнүн мыкты гандболчусу, 20-кылымдагы планетанын 2-оюнчусу деген наамдар менен биз өзгөчө сыймыктанабыз. Мен Сизди кыргыздын мыкты уулу, эң атактуу, легендарлуу спортсмени деп сыймыктануу менен айтам», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбеков Талант Дүйшебаевге 2017-жылы Президенттин жарлыгы менен сыйланган 2-даражадагы «Манас» орденин тапшырды.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.