Курс НБ на 23.09.2020 $79,2643 €93,0682

МАКтын алдын ала отчету жарыяланды

Коом
27 - Март 2017
www.erkintoo.kg
390
Бул тууралуу “Азаттык” жазып чыкты. Отчетто  Сокулук районунун Дача СУ айылындагы авиакырсык учактын командири учуу-конуу тилкеси менен байланыш жок болгондуктан экинчи айлампага кетүү боюнча буйрук бергенден кийин болгон,-деп жазылган.  Мындан тышкары конуу учурунда капитан байланыш жоктугу тууралуу маалымат айтып, андан кийин "flare автопилот" режимине өтүп, жарым секундадан кийин экинчи айлампага кетүү тууралуу кнопка басылганы катталып калганы маалым болду.  «Бул аракет кыймылдаткычтардын ишин күчөткөн, кнопка басылгандан 3,5 секунддан кийин учак кырсыкка кабылган. Ошол кезде учактын ылдамдыгы 165 узелди (саатына 305 чакырымдай ылдамдыкты) түзгөн", - деп белгиленген отчетто.  Андыктан, МАКтын эксперттери аэропортко жакын жерлерде курулуштардын эрежеге дал келишин талдоого, мыйзам бузуулар болгон учурда тиешелүү чараларды көрүүгө чакырган. Ошондой эле кыргыз тарапка учуу коопсуздугун жогорулатуу сунушун берген.
 
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.