Курс НБ на 03.06.2020 $73,4726 €82,3665

Өлкөдө китеп жумалыгы өтүүдө

Коом
19 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
358
Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата өлкөдө китеп жумалыгы өтүүдө. Иш чара Маданият, маалымат, туризм жана Билим берүү министрлиги эл аралык уюмдар менен биргеликте уюштурулуп, 10 күнгө созулат. Анын алкагында республика боюнча баардык мектептерде, китепканаларда  ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлөт. Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган жумалык бул жолу «Окурман бала – өнүккөн Кыргызстан» деген ураан алдында өтүп жатат. Ал бүткүл республика боюнча 17-апрелде башталып, 27-апрелге чейин уланат. Иш-чаранын негизги максаты бир гана балдарды эмес, ата-энелерди, мугалимдерди, жалпы коомчулуктун китеп окууга кызыгуусун арттыруу, үйрөтүү жана коомдо билимдүү болуунун зарылчылыгын жеткирүү болуп саналат. Китеп окуу — бул баланын келечегине чоң таасирин берет, — дейт билим берүү министринин орун басары Салидин Калдыбаев.
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.