Курс НБ на 23.09.2020 $79,2643 €93,0682

Өлкө аймагында жер титирөө катталды

Коом
27 - Март 2017
www.erkintoo.kg
402
26-мартта саат 09:25 чамасында өлкө аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институту билдиргендей, жер титирөөнүн очогундагы күчү 3,5 баллга жетти.  Жер титирөөнүн очогу Кыргызстанда, Фергана тоо кыркасында, Ош шаарынан түндүк-чыгышка 110 чакырымда, Байбиче айылынан түштүк-чыгышка 10 чакырымда, Кара-Дөбө айылынан түштүк-чыгышка 15 чакырымда, Жалал-Абад шаарынан түштүк-чыгышка 95 чакырымда жайгашты.
Жер титирөөнүн күчү Байбиче айылында 3,5 баллга, Кара-Дөбө айылында 3 баллга сезилди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок, деп билдирди.
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.