Курс НБ на 06.03.2021 $84,8000 €101,1579

Ленинград блокадачыларынын ысык-көлдүк энеси – Токтогон Алтыбасарова

Коом
22 - Январь 2021
www.erkintoo.kg
60

Легендарлуу Токтогон Алтыбасарова 17 жашында Ленинград блокадасынан эвакуацияланган 160 балага энеси болгон. Тоолуу айылга жеткен балдардын бардыгына экинчи өмүр берген. Азыр ошондогу аман калган ленинграддыктар бүгүн пенсияда жана неберелүү. Ленинграддыктардын кээ бирлери Санкт-Петербургга кайтышса, калгандарынын мекени – Кыргызстан.

“Ыркыйган арык балдарды багып, тамактандырып, алардан мээримин эч аяган эмес Тоня эже. Айылдыктар блокадачы балдарга колунда болгонун ташып келишкен. Өз балдарынан артык карашкан”, - деп эскеришкен Санкт-Петербургдун жашоочулары “Московский комсомолец” сайтынын кабарчысына.

1942-жылдын августунда Ысык-Көлдүн пристандарында ат чегилген арабалар блокадачылардын балдарын таң заардан тарта күтүшкөн. Ладога көлү аркылуу Ленинград блокадасынан чыгарылган балдарды пристанга баржалар менен алып келишет. Балдарды көл жээктерине жакын жайгашкан Чоң-Сары-Ой, Рыбачье, Темировка, Чолпон-Ата, Прежевальск сыяктуу айылдарга жана шаарларга жайгаштырышкан.

Светлый Мыстын жанынан кичинекей ленинграддыктарды Күрмөнтү айылынын катчысы, 18 жашар Токтогон Алтыбасарова тосуп алган. Буга чейин эле өспүрүм кызга өтө чоң жоопкерчилик мойнуна илинген. Тагыраагы, ага 1941-жылы 17 жашка толо элек курагында айыл катчылыгын ишенип тапшырган. Документинде 1923-жылы төрөлгөн менен бир жылга кеч жарыкка келген. Окуганды да эрте үйрөнгөн. Күрмөнтү – бүтүндөй кыргыз жашаган тоолуу айыл. Токтогон радиону угуп, орусча үйрөнө баштаган. Мектеп курагында өз алдынча арабча окуганды үйрөнгөн. Токтогонго орус жана араб тилдеринен документ, кат жаздырганга котормочу катары башка айылдардан да кайрылышчу. Анын феноменалдуу эске тутуму жөнүндө айыл ичинде легенда бар. Кичи мекенинде “Кыймылдагы энциклопедия” деген сыйлуу ысымга ээ. Баккан балдарынын баарын атынан мүнөзүнө чейин эч унуткан эмес.

Согуш башталган жылы Күрмөнтүнүн эркектери фронтко аттанат. Айылдын эң билимдүүсү Токтогон Алтыбасарованы айылдык советтин төрагалыгына шайлашат. 17 жашка чыга элек кыз анда комсорг эле. Айылдык советтин төрагасынын жаштыгына карабастан андан фронтко дан эгиндерин, ун, эт, жашылча-жемиштин планын сурап турушкан. Ага 1942-жылдын жайында Күрмөнтүгө Ленинград блокадасынан 160 бала келээрин райком партия маалымдайт. Ошондон тарта жатакана катары курулган бош барак үйдү балдар үчүн даярдайт. Колхозчулар ичине кургак самандан шыкап, матрац тигишкен. Дал ушундай даярдыктар менен блокадачы кичинекейлерди күтүп алышкан.

Аттарын билбегендерге жаңы ысымдар ыйгарылган

Ошентип, август саратанында алсыраган ленинграддыктарды жеткирген баржа жээкке жакындайт. Токтогондун айтымында, балдарды арыктыгынан эч карай албайсың. Алардын кебетеси адам ыйлаарлык. Ачкачылыктан бети-башы шишиген, моюндары ичке, баштары чоң. Балдардын көпчүлүгү алсыз, өз алдынча баса алышпайт, ал тургай тик тура алышпайт. Баарын арабага салып, айылга алып келишет. Бир жарым жаштан 12 жашка чейинки балдар менен тарбиялоочу жана медсестрасы, балдар үйүнүн директору Пётр Павлович Чернышев да келген.

Токтогон Алтыбасарова айылды түтүнмө-түтүн кыдырды. Бирок, эч нерсе сураган жок, болгону келген балдарды сүрөттөдү. Эл үйүндөгү сүтүн, курутун, кымызын, айранын, талканын, картошка, кызылчасынан бери балдар үйүн карай ташышты. Жогору жактын көрсөтмөсү менен эмес, чын жүрөгүнөн беришти. Анан эмне кылсын, эл-журт карап олтурабы... Келген балдардын кебетеси тиги болсо...

Айылдагы карылар дагы эле эскеришет. Өз балдарын унутуп, блокадачыларды тамактандырууга өтүшкөн. Антпесе, араң жан келген балдар өлүп кала турган. Токтогон да балдарга ар бир саатта 2-3 кашыктан сүт тамызган. Андан көбүрөөк берүүгө мүмкүн эмес эле. Арасынан бир баланы тамактандыра баштаганда “Менин апам кайда?” деп кыйкыра берди. Эмне кылаарын билбеген Токтогон эшикке атып чыгып, энесин табууга жардам бере албаганына улутуна ыйлап алды. Көздүн жашын аарчып, кайрадан баланы тамактандырууну улантты.

Курчоодогу Ленинграддан балдарды жөнөтөөрдө эң кичинелеринин колдоруна аты-жөнү, туулган даталары сыя менен жазылган биркаларды тагышкан эле. Ыйлаган көздөрүн колдору менен сүргүлөй берип, узак жолдо сыялар беттерине жугуп, араң эле окулуп калган. Кээ бирлериники өчүп да калыптыр. Келген балдардын кээ бирлери өз аттарын билбейт эле. Кыргызстанга келгенден кийин аларга документ берилиши керек. Айла жок, аларга Токтогон өзү ысым, фамилия ыйгарган. Тагыраагы, коңшу айылдагы орустар справкага келишкенде туугандарынын аты-жөнүн сурап, ошол ысымдарды метрикаларга жазган.

Күрмөнтүлүк ар үй-бүлө 2-3төн бала камкордукка алып, каралашкан. Күзүндө аялдар ленинграддыктарга жүндөн кийим токуп кийинтишкен. Токтогон Алтыбасарова ар күнү жумуштан кийин балдар үйүнө барууну да адатка айландырган. Балдар-кыздардын улуулары Тоня эже деп кайрылышчу. Мындай кайрылуу Кыргызстанда сый мамиле. Наристелер Токтогонду “мама” дешкен. Кичинекей бойлуу, арык Алтыбасарованын мээрими баарына жетээр эле.

Кулагымда балдардын ыйы, суу үстүндө калкыган топулары

Бомбалоону эстеп ыйлаган балдарга Токтогон “Жайдын толук кезинде” деген ырын ырдачу. Алиге чейин Екатерина Шершнева обонун, сөзүн да жатка билет. Екатерина Шершнева Алтыбасаровага жолукканын мындайча эскерет.

“Курчоодогу Ленинградда өгөй апам менен калдым. Атам Иван Задыхин фронтко кетет. Атамды ошол бойдон экинчи көргөнүм жок. Эсимде калганы ак карга оронгон шаар, сыртта сууктун күчү -40 градус. Бөлмөнүн ичи да муз. Сууктан да коркунучтуусу ачкачылык. Элдер стенадагы туш кагазды сыйрып клейди топурагы менен кырып сорпо кайнатып ичишкен. Ал тургай топурактан пирожки бышырып жеген күндөр болду. Ошондой күндөрдүн биринде өгөй апам туугандарыныкына калтырып жок болуп кетет. Суук күч алып, ачкачылык башталган март күндөрүнүн биринде 9 жаштагы мени башка балдар менен бирге жүк ташуучу машинанын кузовуна салышат. Шаардан Ладога көлү аркылуу чыктык. Көз алдыбызда катар келе жаткан машина муз алдына кирди. Кулагымда ыйлаган балдардын үндөрү, суу үстүнө калкыган балдардын топулары гана көз алдымда. Биздин машина айдоочунун күчү менен аман калдык.

Кыргызстанга жол узак эле. Жолду катар ачкадан араң келдик. Бизди Ысык-Көлгө августта алып келишти. Пристандан Токтогон тосуп алды. Көптөгөн жылдар бою көл жээгиндеги балдар үйүндө тарбияландык. Ал бизге өз балдарындай мээрим төгүп тарбиялады.

Бой жетип калган кыздар Ташкенттеги текстиль комбинатына кетээр алдында “Токтогон мама” менен коштошо албай ыйлашты. 7-классымда Прежевальскидеги педагогикалык орто окуу жайына окууга жөнөттү. Тоо арасындагы Тянь-Шань айылына жөнөттү. Айылда орус тилдүү жалгыз мен. 2-7-класстарга орус тилинен сабак берем. 4 жылдан кийин гана турмушка чыктым. Анын атасы репрессияга кабылган алтайлыктар эле. Ушунча жылдар бою эки уулду тарбияладык. Бири Владивостокто, экинчиси Новороссийскиде. Алар өздөрүнө чакырган менен тоолуу Кыргызстанда кала бердик. Экинчи мекенибиз – Кыргызстан”

Курчоодогу мезгил балдардын көз алдында

“2-3 күндөн бери уктаган боюнча ойгонбогон апамдын жанынан бир аял тапты. Ага “апам уктаган боюнча ойгонбой жатат” деп айтып жаттым. 3-4 күн бою эч нерсе ичкен да, жеген да жокмун”, -

деп эскерет Валентина Ивановна. Төрт жаштагы мени балдар үйүнө алып барышты. Жууркандын ичинде атамды эстеп ыйлайм. Ал аскер адамы болчу. Чоң жылдыздуу куруна абдан кызыкчумун.

Ленинградды бомбалаганда балдарды башка өлкөлөргө эвакуациялоону чечишти. Темир жол станциясына алып келип, саман төшөлгөн вагондорго салышты. Кайдадыр алып жөнөштү. Жеген тамагыбыз “жмых”, андан башка тамак жок.

Фрунзеге келдик. Мындагы Крупская балдар үйүндө орун жок. Ленинграддыктарды Ысык-Көлдүн Күрмөнтүсүнө жөнөтүштү. Көл жээгинен Токтогон тосуп алды. Ал өз энебиздин мээриминдей мээримге бөлөдү. Балдар үйүндө анын карааны пайда болсо эле жабалактап чуркайбыз. Токтогондун тизесине олтурууга ашыгабыз. Апабыз бизге дүйнөдө жок таттуу печеньелерди, ашкабак берет. Абдан даамдуу эле.

Согуш бүткөндө агалары, аталары табылгандары кетип жатышты. Мага окшогон майдалары Кыргызстанда калдык. “Ленинградда баары бомбаланды. Мектептер, балдар бакчалары калган жок. Кайда барабыз”, - деп медсестра Лидия Ивановнанын айтканы эсимде. Ошентип 1952-жылга чейин балдар үйүндө 10 жыл тарбияландым. Орто окуу жайын аяктагандан соң жип ийрүү фабрикасында эмгектендим. Союз тараганда жолдошум экөөбүз көнгөн мекенибиз Кыргызстанда калдык.

“Жемиш посылкалары” жөнөтүлчү

Кыргызстанга келген тагдырды, блокадачыларды, туугандарын эскергенде Бишкектеги Жеңиш паркындагы эстеликке келишет. Эстеликте Токтогон Алтыбасарованын образы берилген. Эстеликте орус баланы кучактаган кыргыз аялдын элесинен мээримди, баатырдыкты көрүүгө болот. Эстеликти көтөрүүнү Ленинград блокадасынын кыргыз коомунун төрагасы Анна Кутанова демилгелеген. Ал Ленинград курчоосун толугу менен башынан өткөргөн. Ленинградды коргоо жумуштарына тартылып, 13 жашында медаль тагынган. Кыргызстанга финансы-экономикалык институтун аяктагандан кийин келген. Бүгүн да Лениград блокадачыларынын коомун жетектейт.

Кезинде Токтогон Алтыбасарова Күрмөнтү айылынын сельсоветин 44 жыл башкарган. 23 жолу айылдык, райондук, облустук советке депутат болуп шайланган. Аны бир канча жолу борборго жакшы кызматтарга чакырышкан. Бирок, кичинекей бир туугандарын, эң башкысы ленинград-блокадачыларын таштап кете алган эмес. Балдар үйү 10 жыл иштеди. Тарбиялануучулар өз жолун таап кетишкенде гана жабылды.

Алтыбасарова өзүнүн балдарынан сырткары ар дайым баккан балдарын эстеп тураар эле. “Ким эмне иш кылаарынан кабар алып турчу. Күз келип жемиштер бышканда почтага бир нече күн “жемиш посылка” ташычубуз. Жыл сайын “жемиш посылка” салмай. Кыргызстанда калгандары менен Жеңиш паркындагы эстеликтин алдында жолугушуп турчу. Калган блокадачы балдарынан Күрмөнтүдөгү апасына тынбай кат келип тураар эле”, - дейт Токтогон апанын уулу Марат.

“Московский комсомолец” сайтынан алынды

Которгон Асел Барыктабасова



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу