Курс НБ на 21.09.2019 $69,8317 €77,1501

"Өлбөс" атка конгон Nokia 3310 телефону сатыкка чыгат

Коом
15 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
351
Сатыкка чыкпай калган Nokia 3310 уюлдук аппараты кайрадан сатыкка чыгат. Мындай маалыматты  чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка таянсак легендарлуу делген Nokia 3310 уюлдук телефонунун жаӊы функциялары бар версиясынын баасы 59 долларды түзөт. Ал  27-февралдан  2-мартка чейин өтө турган Барселонадагы "Mobile World Congress" көргөзмөсүнө коюлат. Эске салсак, Nokia 3310дун алгачкы оригиналы 2001-жылы сатыкка чыккан. Аталган телефондун колдонуучулары  анын корпусу бышык жана аккумуляторунун кубаттуулугу  көпкө чейин жетерин айтышкан. Ошондон улам аны көпчүлүк "өлбөс телефон" деп атап алышкан.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.