Курс НБ на 11.12.2018 $69,8300 €79,4526

Лабораториялардын иши бир стандартка келтирилиши керек

Коом
12 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
76
Бүгүн, 12-октябрда КСДП парламенттик фракциясы Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо тутумун реформалоо, энени жана баланы коргоо жаатында көйгөйлөрдү чечүү багытында КР Өкмөтүнүн ишин карашты. Депутат Азамат Арапбаев саламаттыкты сактоо тармагындагы башкы көйгөй каржы маселеси болуп жаткандыгына токтолуп, тармактык министрликке орчундуу сунуштарын берди. “Өлкөдө лабораториялар көп ачылып кетти. Алар чыгарган анализге жараша дарылоо процесси жүрөт. Тилекке каршы, туура эмес анализдер да чыгып калууда. Андыктан, баардык лабораторияларды бир стандартка келтирүү керек”,- дейт ал. Депутат Абдывахаб Нурбаев лабораториялардан туура эмес анализдерди чыгарып, оорубаган дартка эле дарыланган конкреттүү мисалдарды келтирип, буга министрлик тарабынан кандай чаралар көрүлүп жатканына кызыкты. Саламаттыкты сактоо министри лабораторияларды аккредитациялоодон өткөрүп туруу максаты коюлуп жаткандыгын маалымдады.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу