Курс НБ на 13.11.2019 $69,8500 €76,8979

Кызыл китептеги жаныбарларды аткандарга канча айып пул салынат?

Коом
07 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
635
Кызыл китепке кирген жаныбарларды коргоо жана аларга аяр мамиле кылуу боюнча өлкө аймагында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Оштогу өкүлчүлүгүнүн башчысынын орун басары Турат Сатимбаев билдирди.
Анын айтымында, бир баш кийикти аткан адам 55 миң сом айыпка жыгылат. Айылдагы мергенчилер болсо атууга уруксат берген мамлекеттик ырастамаларды алууга тийиш. «Биз браконьерлерге каршы иш жүргүзүп келебиз. Быйыл атайын жан-жаныбарларды коргоо максатында видеотасма тартылды. Кызыл китепке кирген жаныбарларды атууга тыюу салынган. Ак илбирсти аткандар 500 миң сом, күрөң аюу, аркар, кулжа, маралга 400 миң сом, ителгиге 80 миң сом, тоо эчки, кийикке 55 миң сом, бүркүт аткандарга 25 миң сом айып пул салынат.
Чет өлкөдөн келген туристтерге каман, тоо эчки гана атууга уруксат берилет. Жергиликтүү тургундардын бул жаныбарларды атууга укугу жок», - деди Т.Сатимбаев.
Жазнура  ТОКТОБОЛОТОВА


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.