Курс НБ на 12.08.2020 $77,8563 €91,4695

“Кыял ишканасы кыр аша баштады

Коом
25 - Декабрь 2019
www.erkintoo.kg
362
КР Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын "Кыял" Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмесинин мамлекеттик ишканасына быйыл 50 жылдын жүзү болду. Кыргызстандагы жалгыз кол өнөрчүлүк бирикмеси 1968-жылы 28-октябрда Кыргыз ССР кеңешинин №462 буйругу бекитилген. “Кыял” Кыргызстандын тарыхый мурастарынын алгачкы кайра жаралгыс, түпкү аталарыбыздан калган кайталангыс бөлүгүнүн уюгу болуп бүгүнкү күндө  окуган жана иштеп кеткен жети дубандын миңдеген кол өнөрчүлөрү элдик көркөм буюмдардын азыктарын өндүрүү үчүн чакан ишканаларын иштетип келүүдө. “Кыял" улуттук бирикмеси паритеттүү негизде белгилүү жана кадыр-барктуу уюмдар менен Кыргызстанда гана эмес, ошондой эле чет өлкөлөрдө Кыргыз кол өнөрчүлөрдүн палатасы, Кыргыз Республикасынын элдик сүрөтчүлөр Союзу, көптөгөн өнөр жай кол өнөрчүлөрү жана андан башка эл аралык коомдук уюмдар менен кызматташат. Аты аталган ишкананын жаңы жетекчиси Данияр Омурзакович командасы менен жакынкы жарым жылдын ичинде көптөгөн иштин башын баштап чоң өзгөрүүлөрдү киргизди. Учурда капиталдык ремонттору жүрүп, жаңы технологиялык жабдуулар менен камсыз болуу алдында турат.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.