Курс НБ на 27.02.2021 $84,7500 €102,9628

Кытайлар 3400 жыл мурда эле үлүл жешкен

Коом
15 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
888
Кытайдын түштүк батышындагы Юньань провинциясында 3400 жыл илгери жашаган эл үлүл менен тамактангандыгын  Юйси шаарынын Шеньи кыштагындагы археологиялык казуулар далилдеди. Байыркы чалдыбар былтыр июль айында жаңы мектептин курулушу жүрүп жатканда табылган. Эзелки жайда тамдар, мүрзөгө коюлчу эстеликтер, табыттар, күлү бар очоктор (чуңкурлар), жолдор, суу акчу арыктар, чопо идиш-аяктар, таш табактар, мис табактар, үлүлдөрдүн уя-кабыгы сакталып калган экен. Археологдордун   билдиришинче, бул жерде үлүлдөрдүн эки түрү болгон. "Алардын бири Юньандын көлдөрү үчүн уникалдуу болгон жана аларды бүгүн табуу кыйын. Экинчиси байыркы заманда  тамак-ашка жана кооздук үчүн пайдаланылган,- делет “Азаттык” сайтына чыккан маалыматта. Үлүлдөрдүн үстүңкү ажыраган кабыктары жана чопо түпөктөр кумурсканын уясындай дөбө-дөбө болуп жаткан. "Мындан улам адамдар үлүлүн жеп, кабыгын калтырып койгон деген жыйынтыкка келдик", - дешкен илимпоз-археологдор.
Байыркы жайда табылган сөөктөрдү атайын изилдөөдөн өткөргөндө алар 3400 жыл эски экенин аныкталган. "Бул жайда жашаган адамдардын көбү үлүл, балык, краб жана моллюскалар менен жан баккан балыкчылар болгон, - деп улантат археолог Чжу Чжунхуа. Алар ошондой эле күрүч өстүрүшкөн, бодо мал жана чочко кармашкан, чымчык, бугу жана пилдерге аң улашкан. Адамдар жайкысын төрт чарчы тамдарда, кыш мезгилинде жарымы жер астындагы тамдарда жашаган".
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.