Курс НБ на 29.03.2020 $80,2015 €88,3099

​Кытайдан келген кош бойлуу келин өзүнчө жайгаштырылды

Коом
18 - Февраль 2020
www.erkintoo.kg
29
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кытайдан Кыргызстанга учуп келген кош бойлуу келин Бишкектеги перинаталдык борбордун өзүнчө палатасына жаткырылды. Анын курсагындагы  түйүлдүккө 32 жума болгон. Ал Кытайдагы университеттердин биринде окуп жаткан. Келин 16-февраль күнү Москва аркылуу учуп келген. Кыргызстанга келгенден кийин  толук изилдөөдөн өтүү үчүн жугуштуу оорулар клиникасына жиберилген. Ал коронавирус жана грипп инфекцияларынан толук иликтенип, жыйынтыгында оору жуктурбаганы аныкталган.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу