Курс НБ на 05.03.2021 $84,8000 €102,1077

Кышкысын организмге керектүү азыктар кайсылар?

Коом
13 - Ноябрь 2020
www.erkintoo.kg
104
Диетолог Марина Макиша кышкысын организмге кандай витаминдер керектигин айтып берди. Бул туурасындагы маалымат РИА Новостиге  жарыяланды. Адистин маалыматына караганда, вирустук оорулар күчөп турган учурда  жашылча-жемиштерди (тоңдурулгандарын деле) көп жеген жакшы жыйынтык берет.  Алар витамин жана антиоксидант болгондуктан, иммунитетти бекемдөөгө жардамы тиет. Мындан сырткары ал мөмө-жемиштердин ордуна ачытылган капуста сыяктуу тамактарды жесе болорун дагы айткан. Ачытылган капустанын курамында ичеги үчүн пайдалуу бактериялар көп жана ал С витаминине бай. Кышкысын күн кыска болгондугуна байланыштуу адамдын организмине D жетпей калат. Организмге аталган витамин жетишпей калса, адамдын уйкусу бузулуп депрессия боло баштайт. Андыктан нерв системасын бекемдөө үчүн магний жана В6 витаминин ичүү зарыл.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.