Курс НБ на 21.09.2019 $69,8317 €77,1501

Кырсыкты табалагандарды жазалоо сунушталууда

Коом
17 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
320
Дача-Суу айылындагы авиакырсыкты табалап, социалдык түйүндөрдө ар кандай шылдың ирээтинде пикир калтыргандарды жазалоо керектигин  Жогорку Кеңештин депутаты  Улугбек Ормонов комитет жыйынында билдирди.
Анын маалыматына караганда,  кээ бир  интернет колдонуучулар кырсык болгондон  кийин интернетте ар кандай терс пикирлерди жазышкан. Маалыматтарга караганда, кырсыктан кийин фейсбукта кээ бир адамдар  өлгөндөрдү мазактап, “өздөрүнөн көрсүн” деген пикирлерди калтырышкан. Депутат ИИМ аларды тез аранын ичинде таап жазага тартып,  ЖКнын жыйынында отчет бериши керектигин билдирди.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.