Курс НБ на 21.07.2018 $68,2377 €79,4389

Кыргыз-тажик дипломатиялык кызматташтыгына 25 жыл

Коом
12 - Январь 2018
www.erkintoo.kg
128
Бүгүн, 12-январда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Кыргыз-тажик дипломатиялык кызматташтыгынын 25 жылдыгына арналган тегерек стол уюштурулду. Юбилейлик иш-чарага КР УИАнын президенти, окумуштуулар жана коомдук ишмерлер, КРнын Жогорку Кеңешинин, КРнын Тышкы иштер министрлигинин, Тажикстандын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү жана башка эл аралык уюмдардын мүчөлөрү катышты.  Кыргызстандагы Тажикстандын ыйгарым укуктуу элчиси Сухроб Олимзода эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык кызматташтык тууралуу аналитикалык баяндамасын окуп жатып: “Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы алаканын экономика чөйрөсүндөгү гана эмес, илим, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана туризм тармагындагы потенциалы өтө чоң. Биз булардан сырткары “CASA 1000” энергетикалык долбооруна, КМШ, ЖККУ, ШКУ сыяктуу уюмдардын масшабдуу иш-чараларына катышып келебиз” – деди.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.