Курс НБ на 14.08.2020 $78,0000 €92,3520

Кыргызстанга 5 мобилдүү клиника келет

Коом
21 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
390
Ислам банкы Кыргызстан үчүн Норвегиядан мобилдүү клиникаларды сатып алган. Бул клиникалардын баасы 16 млн долларды түзөт. Саламаттыкты сактоо министрлигинин планы боюнча алыскы өлкөбүздүн аймактарына бөлүнөт. Министр билдиргендей, Казарман, Тогуз-Тороо райондорунан Бишкек, Жалал-Абадга оорулуулар келишет, болжолу менен 16-18 саат жол жүрүү керек. Ал эми жол начар, кышында жабылып калат. Кыска мөөнөттө медициналык тейлөөнү жакшыртуу- президенттин тапшырмасы.Эскерте кетсек, бул өзгөчө клиникалардын ичинде рентген, флюорография, маммография жана стоматологиялык бөлмөлөр камтылган. Кошумча унаада гинеколог, терапевт, УЗИ жана башка адистер жана автоматтык каттоо болот. Бул клиникалардын үстүбүздөгү жылдын август айына чейин келиши күтүлөт.
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.