Курс НБ на 18.01.2019 $69,8493 €79,5968

Кыргызстандын паспорту 76-орунда

Коом
10 - Январь 2019
www.erkintoo.kg
17
Дүйнөнүн 64 өлкөсүнө визасыз барууга мүмкүндүгү бар Кыргызстан Henley & Partners компаниясынын паспорттор индексинде 76-орунду ээледи. Рейтингге ылайык, биринчи орунга жайгашкан Япониянын жарандары дүйнөнүн 190 өлкөсүнө, экинчи орунду бөлүшкөн Түштүк Корея менен Сингапурдун жарандары 189 өлкөгө, Германия менен Франциянын жарандары 188 өлкөгө визасыз бара алышат.
Тизме боюнча андан ары көз чаптырсак, Дания, Италия, Финляндия жана Швециянын жарандары - 187 өлкөгө, 5-орунду ээлеген Испания, Люксембургдун жарандары - 186 өлкөгө, 6-орундагы - Австралия, Улуу Британия, АКШ, Португалия, Швейцариянын жарандары - 185, 7 – орундагы Греция, Канаданын жарандары - 184, 8 – орунга жайгашкан Мальтанын жарандары - 182 өлкөгө визасыз барууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Россия – 48 (119 өлкө), Украина — 41 (128 өлкө), Беларусь - 66 (77 өлкө), Казакстан — 67 (76 өлкө), Азербайжан — 74 (66 өлкө), Өзбекстан, Тажикстан — 80 (56 өлкө) жана Түркмөнстан – 85-орундарды (53 өлкө) ээлешти.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу