Курс НБ на 25.10.2020 $80,6300 €95,4498

Кыргызстандын муфтийи Минскидеги мечиттин ачылышына катышат

Коом
10 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
514
Кыргызстан мусулмандарынын  муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Белоруссиянын борбору Минск шаарындагы борбордук мечиттин ачылуу
салтанатына катышат. Мындай маалыматты муфтият билдирет. Маалыматтарга караганда, иш-чара 11-ноябрда болот. Иш-чарага  дүйнөлүк белгилүү дин аалымдарынын келиши күтүлүүдө. Аталган мечиттин курулушуна 10 жылдан ашуун убакыт кеткен.Мечитте китепкана, жолугушуу залдары жана сабак өтүүчү класстар, коноктор үчүн мейманканалар дагы бар. Ал  1,5 миң кишиге ылайыкташып күнү-түнү эки имам кезектешип иштейт.

Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.