Курс НБ на 22.10.2019 $69,8114 €77,7804

Кыргызстандын көпчүлүк аймагында жаан-чачын күтүлбөйт

Коом
04 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
339
Бүгүн  өлкө  аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди. Маалыматтарга караганда,  Баткен облусунун айрым жерлеринде жана Алай өрөөнүндө кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бишкек шаарында түнкүсүн —3..-5 градус суук болсо, күндүз 2..4 градус жылуу болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 0..-5 градус суук болсо, күндүз 1..6 градуска чейин жылуу болот. Ысык-Көлдө түнкүсүн —4..-9, күндүз —2…3 градус жылуу болушу күтүлөт. Ал эми Чүй, Талас облустарында түнкүсүн —3…-8, күндүз —1…+4 градус болот. Нарында түнкүсүн —19…-24, күндүз —9…-14 градус суук болушу күтүлөт.
Айнура Шайкеева
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.