Курс НБ на 03.03.2021 $84,8000 €102,3960

​Кыргызстандыктарга акысыз укуктук жардам көрсөтүү декадасы аяктады

Коом
07 - Декабрь 2020
www.erkintoo.kg
86
Анын жүрүшүндө 4 миңден ашык адам укуктук жардам алып, 100дөн ашык адам адвокат  менен камсыздалды.  Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков билдирди. Эскертек кетсек, калкка акысыз укуктук кеңеш берүү декадасы 30-ноябрдан 5-декабрга чейин созулду. Юстиция министрлиги көрсөткөн акысыз укуктук жардамды эң көп Бишкек шаарынын тургундары алышты. Борбор калаада жарандар жалпысынан мурас, мүлк, үй-бүлөлүк маселелер боюнча кайрылса, аймактарда болсо жер, социалдык камсыздоо (пенсия, жөлөкпул), документ алууга (паспорт, айдоочулук күбөлүк) байланыштуу укуктук жардам алган.
 Биздин редакция укуктук жардам көрсөтүү убагында Юстиция министрлигине барып, жарандардын суроолорун жана адвокаттардын жоопторун жазып алууга үлгүрдү.  Анын ичинен эң орчундуусун сиздерге сунуштайбыз.
Мөөржан САТЫЛГАНОВА, Токтогул районунун Жаңы-Жол районунун тургуну:
-              2009-жылы менин кызым менен күйөө балам  биздин айылдан 9000  сомго  үй сатып алышкан. Бирок, үйдүн ээси  бизге тамды өткөрүп беришкен эмес. Көпкө күттүк.  Бул убакыт аралыгында күйөө балам каза болуп, кызым Россияга мигрант болуп кетип, дайынсыз жоголуп кетти. Кызымдын дайынсыз экендиги тууралуу соттун чечими да чыккан.   Азыр экөөсүнөн калган беш баланы биз жолдошум экөөбүз багып жатабыз.  Балдардын үчөөсү мектепте окушат.  Жакында үйдүн ээси беш баланы үйдөн чыгып кеткиле,- деп, бизди сотко берип коюптур.  Мен айласыздан адвокат жалдасамбы  деген ойго келип жатам.  Үйдү күйөө балам сатып алганда  алардын бизге жазып берген тил каты бар. Тил катка кошуналар да кол коюшкан.
Элвира КУРМАНОВА, адвокат:
-              Бул жарандык иш. Сиз Токтогул райондук сотуна жарандык тартипте  сатып алуу келишимин туура деп табуу жөнүндө доо арыз менен кайрылышыңыз керек.  Колуңузда үй сатып алууда жазылып берилген тил кат жана күбөлөрдүн кол тамгасы бар экен. Бул сизге чоң жардам болот.  Сотко  жашы жете элек балдарды камкордукка алган сиздин жолдошуңуз кайрылсын.  Андан сырткары жергиликтүү райондун милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылсаңыз да болот.
 Юстиция министрлиги бул жаранга  акысыз адвокат да жалдап бергендиги белгилүү болду.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу