Курс НБ на 13.07.2020 $77,8000 €87,8362

Кыргызстандыктар укуктарын биле башташыптыр

Коом
11 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
344
Бул тууралуу  Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук кабылдамасынын жетекчиси Фатима Турусбекова билдирди. Анын айтымында Кыргызстанда бейтаптар өз укугун жакшы биле баштаган. Кайсы кызмат үчүн акы төлөө керек, кайсынысы бекер экенин жарандар өзүлөрү көзөмөлдөп, маалыматы көп боло баштаганы байкалууда,-дейт адис. Маалыматка ылайык , быйылкы жылдын биринчи кварталында коомдук кабылдамага жалпысынан 467 адам кайрылган, көбү Бишкектен жана Чүйдөн. Алар жеңилдетилген шартта же бекер дарылануу, ооруканага жаткыруу, соттук-медициналык экспертизаны тездетүү, дарыгерлердин орой мамилеси, эмгек мыйзамдарынын бузулушу сыяктуу айрым маселелерди көтөрүп, ошону менен катар жакшы каалоо-тилектерин да билдирген.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.