Курс НБ на 20.10.2018 $69,3251 €79,3703

Кыргызстандык студенттер Японияда маалымат технологияларын үйрөнүшөт

Коом
12 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
122
КУУнун студенттери бир жума бою Токай университетиндеги сабактарга катышып, лабораторияларда япон студенттери менен биргеликте илимий-изилдөө иштерин жүргүзүп, илим жана технологиялар (робототехника, схемотехника) боюнча тренингдерге катышып, Nissan заводунда экскурсияда болушат. Бул тууралуу Кыргыз улуттук университеттинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдашкандай КУУнун ректору Канат Садыков «Сакура» программасынын алкагында Токай Университетине (Япония) бараткан маалыматтык жана жана инновациялык технлогиялар факультетинин 10 студентин кабыл алды. Жолугушууга ошондой эле кыргыз-япон борборунун кыргыз тараптан директору Канат Көлбаев жана компьютердик технологиялар жана интернет кафедрасынын башчысы Сабира Нуржанова катышты. “Бидин өлкөдө "Таза коом" долбоору ишке ашырылып жатканын эске алуу менен сиздердин факультет окуу жылынын башында башкы имаратка көчүрүлдү. Бул долбоор -_санариптик мамлекет түзүүнү көздөйт, б.а. мамлекеттик_кызматтардын баары компьютер аркылуу бериле баштайт. Бул абдан маанилүү”, - деди университеттин жетекчиси Канат Сыдыков.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.