Курс НБ на 20.10.2019 $69,8031 €77,6699

Кыргызстандык окуучу олимпиадада алтынга татыды

Коом
18 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
342

Казакстанда өткөн олимпиадада кыргызстандык окуучу Акбар Мадаминов информатика сабагынан алтын тагынды. Мындай маалыматты  "Себат" эл аралык билим берүү мекемесинин маалымат кызматы билдирди. Эске салсак,  12-17-январь күндөрү Казакстандын Алматы шаарында окуучулар арасында математика, информатика жана физика сабактары боюнча Жаутыков атындагы XIII Эл аралык  олимпиада болгон.  Ал эми математика сабагынан Хусейин Карасаев атындагы Каракол лицейинин 10-класстын окуучусу Дослан Жекшеев жана "Талас Манас-Ата" лицейинин 11-класстын окуучусу Бегаалы Чикетаев коло медалга ээ болушту. Аталган сынак 2005-жылдын январь айынан тартып 13 мамлекеттин арасында өтүп келет.

Айнура Шайкеева



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.