
Курс НБ на 27.02.2021 $84,7500 €102,9628

Кыргызстандык айымдар "Дүйнөнүн 100 аялы-2016" долбоорунун тизмесине кирди
Кыргызстан чыккан атактуу жаачы Асел Садырова жана дзюдо боюнча өлкөнүн үч жолку чемпиону Нагира Сарбашова ВВС агенттиги уюштурган "Дүйнөнүн 100 аялы-2016" долбоорунун тизмесине кирди. Мындай маалымат аталган агенттиктин расмий сайтында айтылат. Аталган долбоор 21-кылымдагы ар кайсы өлкөнүн аялдарынын жашоосун, күн сайын катталчу жашоодогу маселелерин жана мүмкүнчүлүктөрүн баяндап берет. Жалпы 100 аял кирип, анын ичинен төрт айым Борбордук Азиядан катталган Асел Садырованын сүрөтү тизмеде Американын белгилүү ырчысы жана актрисасы Алиша Киздин катарында алдынкы сапта илинип турат. Ага карата мүнөздөмөдө "Жолдошу өтүп кеткенден кийин төрт жылдан соң Садырова жаа атуу боюнча өзүнүн күчүн сынап көргөн. Жыйынтыгында профессионалдык мелдештерде жакшы жыйынтык көрсөтөрүн байкаган", - деп жазылган. Нагира Сарбашова дзюдо боюнча өлкөнүн үч жолку чемпиону жана кур күрөшү боюнча Дүйнөнүн чемпиону болуп саналат.
Айнура Шайкеева
Айнура Шайкеева
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек