Курс НБ на 23.09.2019 $69,8317 €77,1501

Кыргызстандан Иранга эт экспорттолот

Коом
15 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
281

2017-жылы кыргызстандык ишкерлер Иранга 350 тоннадан ашык эт экспорттоону пландаштырышууда. Мындай маалыматты Экономика жана өнөр жай министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Учурда экспорттолгон эттин жалпы көлөмү 150 тоннага жетет. Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу аракеттери көрүлүүдө. Экономика министрлигинин маалыматына таянсак, былтыр июль айынан тартып  кой этин Иранга экспорттоо башталган. Мындан сырткары, Ирандын ветеринардык кызматынын эки өкүлү Кыргызстанга келип кеткен.

Айнура Шайкеева



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.